Кыргызстан менен Армения Ысык-Көл жана Севан көлдөрүн сактоо жаатында кызматташат

Экология
Кыргызстан менен Армения Ысык-Көл жана Севан көлдөрүн сактоо жаатында кызматташат

Бишкек, 17.10.26. /Кабар/. Бүгүн, 17-октябрда Ереван шаарында президент Садыр Жапаровдун Арменияга болгон расмий сапарынын алкагында кыргыз-армян кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Армения Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосундагы Ысык-Көл жана Севан көлдөрүн сактоо боюнча кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму бар.

Президент Садыр Жапаров Арменияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасап, анда мамлекет башчысы жетишилген макулдашуулар кызматташтыктын укуктук негизин бекемдеп, эки тараптуу өз ара аракеттенүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенгенин билдирди.

"Өзгөчө Ысык-Көл менен Севан көлдөрүн сактоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө документти белгилеп кетким келет", - деп кошумчалады Садыр Жапаров.