Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКта кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Директорлор кеңешинин чечими менен компаниянын башкы директору Илгиз Сыдыгалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.
Ошондой эле компаниянын капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча башкы директорунун орун басары Искандер Адиев ээлеген кызматынан бошотулду.
Анын ордуна Гүлжигит Мурзакаримов дайындалды.
Жаңы жетекчини жамаатка Директорлор кеңешинин төрагасы Жыргалбек Турускулов тааныштырып, алдында турган негизги милдеттерди белгиледи.
Алардын катарында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, капиталдык курулуш иштерин өнүктүрүү, пландаштырылган иштердин өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу, ошондой эле инвестициялык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу маселелери бар.