Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Ишин создуктурган жетекчилерге 2026-жылдын жыйынтыгы менен чара көрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров ЖМКлардын бирине берген маегинде билдирди.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө жергиликтүү жетекчилер жай иштеп жатканын байкап, көрүп тургандыгын айтты.
"Таптакыр иштебей атышат дегенден алысмын. Бирок темп абдан жай. Жаңы жылдан кийин 2026-жылдын жыйынтыгын чыгарабыз. Ошондо элдин көйгөйлөрүн, илгертен бери чечилбей келе жаткан талаш-тартыш мамилелерин создуктуруп жүргөн облус жетекчилерине, губернаторлорго эле эмес, бардык жетекчилерге чара көрөбүз", - деди президент.