Декабрда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу

Коом
Декабрда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.11.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы Кыргызстанда декабрь айына карата аба ырайынын божомолун таратты. Ага ылайык, аталган айда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1–1,5 градуска жылуу болот.

Облустар боюнча аба ырайынын көрсөткүчтөрү:

Чүй облусу: Күндүз +3…+11° жылуулукка чейин көтөрүлүп, түнкүсүн -5…-10° суук болот. Айрым түндөрү суук -16 градуска чейин түшүшү мүмкүн.

Талас облусу: Күндүз +2…+9° жылуу, түнкүсүн -7…-12° суук катталат. Кээ бир күндөрү түнкүсүн -18 градуска чейин салкын болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары: Түштүк аймактарда күндүз +5…+11° жылуулук күтүлөт. Кээ бир күндөрү аба температурасы +17 градуска чейин жылыйт. Түнкүсүн -6…-11° суук болот.

Ысык-Көл облусу: Көл өрөөнүндө күндүз -1 сууктан +9 жылуулукка чейин өзгөрүп турат. Түнкүсүн -7…-12°, ал эми чыгыш райондорунда -16 градуска чейин суук болот.

Нарын облусу: Республиканын эң суук аймагында күндүз -6…-11° суук болот. Түнкүсүн -14…-19° суук түшүп, кээ бир түндөрү, айрыкча Ат-Башыда -24…-29 градуска чейин катуу суук болушу ыктымал.

Жаан-чачын Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында кар менен жамгыр нормадан көп жаайт. Ал эми Ысык-Көл менен Нарын облустарында жаан-чачын климаттык норманын чегинде болот.