Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоо жараянын “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүү тартибин түшүндүрдү. Жарандар шайлоого катышууну каалаган талапкерине тиркеме аркылуу бир нече кадам менен колдоо көрсөтө алышарын "Кабар" агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаев айтып берди.
Анын маалыматына караганда, талапкерлерди колдоону автоматташтырылган система аркылуу жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Бул жарандардын кол топтоо жараянына катышуусун жеңилдетип, аны аралыктан ишке ашырууга шарт түзөт.
Колдоо көрсөтүү үчүн жаран алгач “Түндүк” тиркемесине кириши керек. Андан соң башкы беттеги талапкерлерди колдоо боюнча баннерди басып, ачылган тизмеден өзү колдой турган талапкерди тандайт.
Учурда президенттикке беш талапкер катталган. Жарандар каалоосуна жараша беш талапкердин баарына же алардын ичинен бирөөсүнө гана колдоо көрсөтө алышат. Ошол эле учурда колдоо көрсөтүү чечимин кайра өзгөртүүгө мүмкүн эмес. Башкача айтканда, жаран бир талапкерге колдоо көрсөткөндөн кийин аны кайра өзгөртө ала албайт.
“Түндүк” тиркемеси жок жарандар эмне кылышы керек?
Аталган тиркемени колдонбогон жарандар да колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдалана алышат. Бул үчүн алгач мобилдик телефонго “Түндүк” тиркемесин жүктөп алуу зарыл. Айфон телефондоруна App Store, ал эми Android түзмөктөрүнө Play Market аркылуу орнотууга болот.
Тиркемени жүктөгөндөн кийин каттоодон өтүү керек. Ал үчүн жарандын жеке идентификациялык номери, мобилдик телефонунун номери жана электрондук дареги көрсөтүлөт. Каттоо учурунда телефонго же электрондук почтага алты орундуу ырастоо коду жөнөтүлөт. Аны киргизгенден кийин жаран тиркемеге кирип, өзүнүн жеке маалыматтары менен тааныша алат.
Андан соң башкы беттеги талапкерлерди колдоо баннери аркылуу өтүп, өзү каалаган талапкерге колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Белгилей кетсек, талапкерлерди колдоо үчүн кол чогултуунун бул тартиби БШКнын 2026-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган жобосу менен бекитилген. Ал эми "Түндүк" порталын 3,6 миллиондон ашык колдонуучу пайдаланат.
Өлкөдөгү президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.