Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Кара-Балта шаарынын, Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен жолугушуусунда жарандар тарабынан айтылган кайрылууларга байланыштуу "Жунда" мунай иштетүүчү заводу көтөрүлгөн маселелер боюнча расмий түшүндүрмө берди.
Компания тургундардын пикирине урмат-сый менен мамиле кыларын белгилеп, калк менен ачык диалог жүргүзүү, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана кызматкерлерге кам көрүү ишмердүүлүгүндөгү маанилүү багыттар экенин билдирди.
Экологиялык коопсуздук
Экологиялык коопсуздук "Жунда" заводунун ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Учурда ишкана өндүрүштүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууну да көздөгөн модернизациялоо долбоорун ишке ашыруунун акыркы баскычында турат. Модернизациялоо иштери аяктагандан кийин атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмү азаят деп күтүлүүдө.
Мындан тышкары, мунай заттарын сактоо жана ташуу цехинде мунай бууларын кармоочу жана кайра калыбына келтирүүчү жаңы жабдуу орнотулууда. Ал мунай заттарынын бууларын кармап, кайра өндүрүш процессине кайтарууга жана алардын атмосферага тарашын азайтууга мүмкүндүк берет.
Акыркы үч жылда "Жунда" ишканасы экологиялык төлөмдөр катары 33 млн 445 миң 790 сом которгон. Ал эми 2026-жылдын биринчи кварталында бул төлөмдөрдүн көлөмү 6 млн 105 миң 842 сомду түзгөн.
2024-жылдан 2026-жылга чейин саркынды сууларды Кара-Балта шаардык суу канализациясына агызгандыгы үчүн төлөмдөрдүн жалпы суммасы 68 млн 699 миң 230 сомдон ашкан. Мындан тышкары, компания 2023-жылдан 2026-жылга чейин Ак-Башат айыл өкмөтүнүн бюджетине салыктар түрүндө дээрлик 80 млн сом которгон. Ошондой эле жер тилкесин ижарага алгандыгы үчүн жыл сайын 4 млн сомдон ашык төлөп келет.

Компания жана инвесторлор экологиялык коопсуздукка өзгөчө көңүл буруп, заманбап техникалык чечимдерди ырааттуу киргизип жатышканын белгилешти. Завод жайгашкан аймактагы экологиялык абалды жакшыртуу максатында атмосферага бөлүнгөн зыяндуу заттарды жана саркынды сууларды азайтуу боюнча кошумча чаралар да көрүлүүдө.
Заводдун айланасын жашылдандыруу
"Жунда" ишканасы буга чейин заводдун айланасын жашылдандыруу иштерин бир нече жолу жүргүзгөн. Бирок пандемия учурунда заводдун иши убактылуу токтоп калгандыгына, ошондой эле сугат суусунун жетишсиздигине байланыштуу мурда отургузулган көчөттөрдүн бир бөлүгү куурап калган.
Мурунку тажрыйбаны эске алуу менен компаниянын жетекчилиги жашыл көчөттөрдү отургузууга, аларга чейин даярдык көрүүгө жана кийин үзгүлтүксүз кам көрүүгө жооптуу атайын топ түзүү чечимин кабыл алды. Ошондой эле өсүмдүктөрдү үзгүлтүксүз сугаруу үчүн тамчылатып сугаруу системасын орнотууга даярдык көрүлүүдө.
2027-жылдын жаз айларында "Жунда" ишканасы болжол менен 2 гектар аянтка жаңы жашыл көчөттөрдү отургузууну пландап жатат.
Кызматкерлерди сүт азыктары менен камсыздоо
Зыяндуу өндүрүштө иштеген кызматкерлерге учурда жумасына бир адамга 1 литрден сүт берилет. Компания белгиленген ченемдик талаптарды жана эмгек шарттарын эске алуу менен берилүүчү сүт азыктарынын көлөмүн көбөйтүү маселесин карап жатат.
Эмгек акы жана социалдык шарттар
Завод капиталдык оңдоодон өткөндөн кийин 2024-жылы кайрадан ишин жандандырган. Бирок чийки зат сатып алуудагы жана даяр продукцияны сатуудагы кыйынчылыктардан улам ишкана азырынча толук кубаттуулукта иштей элек.
Учурда кызматкерлердин эмгек акысы алардын квалификациясына, иш тажрыйбасына жана ээлеген кызмат ордуна жараша белгиленет.
Кызматкерлердин категориялары боюнча орточо эмгек акы төмөнкүдөй:
- инженердик-техникалык адистер жана улук кызматкерлер — 100 миң 390 сом;
- административдик кызматкерлер — 69 миң 134 сом;
- техникалык жана өндүрүш кызматкерлери — 57 миң 375 сом.
2025-жылы жергиликтүү кызматкерлер үчүн тамак-ашка кошумча төлөм киргизилип, анын өлчөмү 3 миң 800 сомду түзгөн. Мындан тышкары, компания кызматкерлерди корпоративдик транспорт менен камсыздайт жана спорт менен машыгууга шарт түзгөн. Ишкананын аймагында спорт комплекси, футбол жана баскетбол аянтчалары курулган.
Компаниянын Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы
"Жунда" — өлкөдөгү ири өнөр жай ишканаларынын бири. Анын мунайды кайра иштетүү боюнча долбоордук кубаттуулугу жылына 800 миң тоннаны түзөт.
Бүгүнкү күндө ишканада 1 миңден ашык адам эмгектенет. Ошондой эле анын ишмердүүлүгү логистика, транспорт жана тейлөө кызматтарын кошкондо, тектеш тармактарда 2 миңден ашык кошумча жумуш ордун түзүүгө өбөлгө болууда.
Компания ишмердүүлүгүн жүргүзгөн мезгилден бери мамлекеттик бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 10 млрд сомдон ашык каражат которгон.
Модернизациялоо долбоору аяктагандан кийин ишкана экологиялык классы К5 талаптарына жооп берген мунай продуктуларын чыгарууну жана долбоордук кубаттуулугуна толук өтүүнү пландап жатат. Бул Кыргызстандын ички рыногунун күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон керектөөсүнүн 35 пайыздан ашыгын камсыздоого мүмкүндүк берет.
"Жунда" ишканасы Кара-Балта шаарынын, Жайыл районунун жана Кыргызстандын башка аймактарынын тургундары менен конструктивдүү диалог жүргүзүүгө даяр. Өткөн жылдан бери компания жергиликтүү тургундар үчүн ачык эшик күндөрүн өткөрүп келет. Анын жүрүшүндө жарандар ишкананын ишмердүүлүгү, өндүрүш процесстери жана ишке ашырылып жаткан долбоорлор менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.