Президенттик шайлоого даярдык: ЕККУ өкүлдөрүнө маалымат берилди

Шайлоо
887350431_1708328217318596_7583086805176277984_n.jpg
861607951_997270049434810_7608244378727177945_n.jpg
887052511_1737640901704175_436542972744393924_n.jpg
887271182_2273362089898714_6748198188494769552_n.jpg
888131755_987608774426843_5369505450679015653_n.jpg
890970483_1248559394176310_8014443930327351784_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon БШК

Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда өтө турган алдыдагы шайлоого ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулар миссиясын жөнөтүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, БШКнын өкүлдөрү бюронун шайлоо маселелери боюнча кеңешчилери Ранко Вукчевич жана Каха Инаишвили менен жолугушту.

Жолугушууда шайлоого даярдык, жабдууларды жана шайлоочуларды идентификациялоо системасын тестирлөө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана жаштардын шайлоого катышуусун жогорулатуу боюнча иштер айтылды.

Жолугушуу алдыдагы шайлоого эл аралык байкоочулар миссиясын жөнөтүүнүн зарылдыгын жана мүмкүнчүлүгүн аныктоо максатында өткөрүлдү.