Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө аралыктан добуш берүү системасы сыналды

Шайлоо
IMG_3568.jpeg
IMG_3566.jpeg
IMG_3565.jpeg
IMG_3564.jpeg
IMG_3563.jpeg
IMG_3562.jpeg
IMG_3561.jpeg
IMG_3560.jpeg
IMG_3559.jpeg
IMG_3558.jpeg
IMG_3557.jpeg
IMG_3556.jpeg
IMG_3555.jpeg
IMG_3554.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_3568.jpeg
IMG_3566.jpeg
IMG_3565.jpeg
IMG_3564.jpeg
IMG_3563.jpeg
IMG_3562.jpeg
IMG_3561.jpeg
IMG_3560.jpeg
IMG_3559.jpeg
IMG_3558.jpeg
IMG_3557.jpeg
IMG_3556.jpeg
IMG_3555.jpeg
IMG_3554.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon БШК

Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Күн мурун 2027-жылдагы президенттик шайлоого даярдыктын алкагында Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүндө аралыктан добуш берүү системасы тестирлөөдөн өткөрүлдү.

БШКдан билдиришкендей, тестирлөөгө 215 офицер жана жоокер катышты.

Анда саат 10:00дөн 15:00гө чейин адистер шайлоо системасынын модулдарынын, байланыш каналдарынын жана жабдууларынын туруктуу иштешин, ошондой эле шайлоочулардын өздүгүн онлайн аныктоо механизмин текшеришти.

Өзгөчө көңүл шайлоочуларга туруктуу катталган жерине барбастан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүүгө бурулду. Бул үчүн алардын инсандыгын онлайн форматта ырастоо механизми каралган.

Тестирлөө 18-ноябрда өтө турган шайлоо системасын жалпы республикалык деңгээлде текшерүүгө даярдык көрүү иштеринин бир бөлүгү болуп саналат.

Эске салсак, Кыргызстанда президентти шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.