Президенттик шайлоо: БШКда маморгандар менен даярдык талкууланды

Шайлоо 29 сентябрь 2026 16:30
1.jpg
825268291_2398201000919086_3645790346115528281_n.jpg
825267156_1669005298228905_929672311679315736_n.jpg
825292987_865461483319730_1921482663799231939_n.jpg
825329327_2731199993980936_4394948917428662917_n.jpg
825329754_1666651225028367_6895787593233276352_n.jpg
828079056_1632908821756055_4080674929468496189_n.jpg
828456217_1464617655563503_7712762221394212726_n.jpg
829272380_1410423777184935_99361634090651242_n.jpg
830027994_2546892939130674_4036724332282043564_n.jpg
830073078_1092939863501991_5148180215463272846_n.jpg
830160913_1800511244413498_3888837329161645868_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon БШК

Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Борборрдук шайлоо комиссиясында президенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме өттү.

Боршайкомдон билдиришкендей, кеңешмени төрага Тынчтык Шайназаров өткөрдү. Ага Жогорку сот, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана башка мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Жыйында мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жана маалыматтарды ыкчам алмашуу маселелери каралды. Анын ичинде президенттикке талапкерлердин жарандыгы, соттуулугу, кылмыштуу же куралдуу топторго тиешеси жана диний ишмердикке катышуусу тууралуу маалыматтарды берүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган сертификаттарын текшерүү, тестирлөөнү уюштуруу жана тиешелүү маалыматтарды өз убагында алмашуу маселелерине көңүл бурулду.

Тынчтык Шайназаров шайлоого даярдыктын бардык этаптарында мамлекеттик органдардын макулдашылган иш алып баруусу маанилүү экенин белгиледи.