Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Пенсияны жыл сайын байкаларлык көтөрүп турабыз деген планыбыз бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.
"Биз ар жыл сайын пенсиянын көлөмүн жакшы эле көтөргөнгө аракет кылып келебиз. Манас районунда 4 316 адам, Айтматов районунда 8 985 адам пенсияда экен. Быйыл 1-октябрдагы жогорулатуудан кийин колуңуздарга орточо 11 500 сомдон пенсия алдыңыздар”, - деди Садыр Жапаров.