Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Талас шаарында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин регионалдык башкармалыгынын жаңы административдик имараты ачылды. Бул тууралуу аталган министрлик билдирет.
Маалыматка ылайык, жаңы имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, кызматкерлердин иштөөсүнө жана жарандарды тейлөөгө шарт түзөт.
Ачылыш аземинен кийин башкармалыктын 2026-жылдын тогуз айындагы жыйынтыктар боюнча кеңейтилген жыйын өттү. Анда жаратылышты коргоо, экологиялык мыйзамдардын талаптарын сактоо жана Талас облусундагы экологиялык абалды жакшыртуу маселелери талкууланды.