Манас жана Айтматов райондорунда 100 орундуу жаңы ооруканалар курулат

Аймак
Манас жана Айтматов райондорунда 100 орундуу жаңы ооруканалар курулат
copyright icon www

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Манас жана Айтматов райондорунда 100 орундуу жаңы ооруканалар курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жолугушууда саламаттык сактоо тармагына токтолгон мамлекет башчысы келерки жылы Манас жана Айтматов райондорунда ар бири 100 орунга ылайыкталган Жалпы дарыгерлик практика борборлорунун имараттарын куруу планы бар экенин белгиледи.