Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды

Президент
IMG_3462.jpeg
IMG_3456.jpeg
IMG_3457.jpeg
IMG_3458.jpeg
IMG_3459.jpeg
IMG_3460.jpeg
IMG_3461.jpeg
IMG_3463.jpeg
IMG_3464.jpeg
IMG_3465.jpeg
IMG_3466.jpeg
IMG_3468.jpeg
IMG_3467.jpeg
IMG_3469.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_3462.jpeg
IMG_3456.jpeg
IMG_3457.jpeg
IMG_3458.jpeg
IMG_3459.jpeg
IMG_3460.jpeg
IMG_3461.jpeg
IMG_3463.jpeg
IMG_3464.jpeg
IMG_3465.jpeg
IMG_3466.jpeg
IMG_3468.jpeg
IMG_3467.jpeg
IMG_3469.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 29-октябрда Түркияга жасаган иш сапарынын алкагында Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды.

Президент Садыр Жапаровду Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйлоо чечими Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин (Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан) башчылары тарабынан кабыл алынган.

Сыйлыкты Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган тапшырды.

Салтанат Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Анкара шаарында өткөн 13-саммитинин алкагында Президенттик сарайда өттү.

Президент Садыр Жапаров ага “Түрк дүйнөсүнүн Жогорку орденинин” тапшырылышы чоң сыймык жана терең сый-урматтын белгиси экенин айтты.

Мамлекет башчысы бул сыйлыкты жеке эмгегинин таанылышы катары гана эмес, кыргыз элинин түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого жана боордош мамлекеттердин ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымына берилген жогорку баа катары кабыл аларын баса белгиледи.

“Бизди жалпы көп кылымдык тарыхыбыз, бирдиктүү руханий баалуулуктарыбыз, тилдерибиздин жана маданияттарыбыздын жакындыгы бириктирип турат. Бул — биздин баа жеткис мурасыбыз жана биримдигибиз менен ынтымагыбыздын бекем пайдубалы”, — деди президент.

Садыр Жапаров ошондой эле сыйлоо чечимин кабыл алгандыгы үчүн ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлерине терең ыраазычылык билдирип, орден түрк дүйнөсүнүн жаркын келечегине болгон жалпы ишенимдин символу экенин белгиледи.

Сөзүнүн соңунда мамлекет башчысы боордош өлкөлөргө тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү, ал эми элдерге бакубатчылык каалап, алардын ортосундагы түбөлүктүү боордоштукту сактоонун маанилүүлүгүнө токтолду.