Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Президент Садыр Жапаров кыргыз делегациясын салттуу жылуу кабыл алгандыгы жана кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүүгө жеке көңүл бургандыгы үчүн Владимир Путинге ыраазычылык билдирип, жетишилген натыйжаларга көп жагынан лидерлердин ортосунда калыптанган ишенимдүү мамилелер жана конструктивдүү диалог өбөлгө болгонун айтты.
Владимир Путин өз кезегинде кыргыз-орус кызматташтыгынын олуттуу потенциалын белгилеп, эки тараптуу күн тартибинин негизги багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүүгө даяр экендигин айтты.
Мамлекет башчылары соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, энергетика, өнөр жай жана финансы секторлорундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле билим берүү тармагындагы байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл буруу менен, кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты.
Тараптар эки жактуу мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп, биргелешкен демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Мамлекет башчысы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо жана биргелешкен долбоорлорго кошумча дем берүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.