Анкарада "Манас" эпосу түрк дүйнөсүнө таанытылды

Маданият
c7445eb25f172a31f21a08f61d57992d.jpg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 17.43.23.jpeg
Алдыга
Артка
c7445eb25f172a31f21a08f61d57992d.jpg
WhatsApp Image 2026-11-03 at 17.43.23.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon www

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, этно-ырчы Гүлзада Рыскулова Түркиянын Анкара шаарында өткөн Түрк дүйнөсүнүн диалог форумуна катышты. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Иш-чаранын алкагында ырчы мазмундуу баяндама жасап, "Манас" эпосунан үзүндү аткарды.

Гүлзада Рыскулова манасчы Рыспай Исаковдун вариантынын негизинде Манас атабыздын сыпатталышын ырга салган "Айкөл Манас" чыгармасынан үзүндү айтып, кыргыз элинин бай руханий мурасын жана улуттук маданиятын эл аралык деңгээлде таанытты.

Белгилей кетсек, ырчынын аткаруусундагы "Айкөл Манас" чыгармасы угармандардын кеңири кызыгуусун жаратып келет.