Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Бишкекте Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындары башталып, уюмга төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өткөрүлдү.
Парламенттен билдиришкендей, бүгүн "Ырыс-Ордо" конгресс-холунда өткөн Ассамблея Кеңешинин отурумунда Казакстандын Курултайынын төрагасы Айбек Дадебай символикалык балканы Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевге тапшырды.
Марлен Маматалиев Кыргызстандын төрагалыгы учурунда санариптик трансформация, жасалма интеллект, транспорттук-экономикалык байланыштар, жаштардын парламенттик процесстерге катышуусу жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттар болорун белгиледи.
Жыйынга Азербайжан, Казакстан жана Түркиянын парламент жетекчилери катышты. Ошондой эле ТүркПАнын XV пленардык жыйынынын күн тартибиндеги маселелер талкууланды.