Beeline жана "Элдик Банк" Бишкектин эки кичи районунда 100 дарак отургузду

Бизнес
874ac00b-656a-4a61-8c8c-186dc50e1000.jpeg
316f8436-20a9-4635-b4c9-277d7c8a6fc3.jpeg
316f8436-20a9-4635-b4c9-277d7c8a6fc3.jpeg
866a031b-2e01-4552-a2a9-53ba5918f17e.jpeg
866a031b-2e01-4552-a2a9-53ba5918f17e.jpeg
c8f9fc23-eb34-4b55-9743-95a61bb69126.jpeg
c8f9fc23-eb34-4b55-9743-95a61bb69126.jpeg
79e00e7a-c537-4642-9258-70a7d4df9363.jpeg
de65d919-696e-47d3-bb2e-4f8405be1f23.jpeg
207d6d9e-3ecb-44ff-978f-237338567d93.jpeg
17772791-dc2e-47cd-8542-fc4b67418000.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Beeline пресс-кызматы

Бишкек, 27.10.26 /Кабар/. Улуттук мобилдик оператор Beeline, "Элдик Банк", Mastercard жана Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте борбор калаада экологиялык демилгени ишке ашырды. Аталган уюмдардын кызматкерлери жана шаар бийлигинин өкүлдөрү шаардын 8- жана 12-кичи райондоруна жалпысынан 100 көчөт отургузушту. Бул иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев да жеке өзү катышты.

Дарактардын тамыр жайып, өсүп кетишин камсыз кылуу максатында, отургузуу иштерине адистер тартылды. Алар көчөттөрдүн өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле топурактын жана климаттын шарттарын эске алуу менен иш алып барышты.

Бишкекте бак-дарактарды отургузуу туруктуу өнүгүүгө багытталган масштабдуу демилгенин бир бөлүгү болуп калды. Beeline компаниясы ESG принциптерин — айлана-чөйрө алдындагы жоопкерчиликти, коомго оң таасир этүүнү жана бизнести туура башкарууну камтыган милдеттенмелерди карманат. Компания коомдук тазалоо иш-чараларына жана экологиялык акцияларга үзгүлтүксүз катышып, ресурстарды үнөмдүү пайдалануу ыкмаларын кеңседеги күнүмдүк ишмердүүлүгүндө жүргүзөт.

"Beeline — улуттук мобилдик оператор, андыктан Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуу биз үчүн маанилүү, — деп белгиледи Beeline компаниясынын башкы директору Кубаныч Шатемиров.

"Биз жеткиликтүү жана сапаттуу байланышты камсыз кылуу менен бирге, коомчулукка пайда алып келген долбоорлорду да колдойбуз. Дарак отургузуу — мына ушундай демилгелердин бири. Биз отургузган жүз көчөт шаар менен чогуу өсүп, келечек муундарга кызмат кылат".

Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.

КР МТБМК караштуу МБАнын №15-1420-КР, №16-1526-КР лицензиялары.