Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" КР мыйзамына кол койду.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилди:
Кызматкерлердин эмгек акысынын реалдуу өлчөмүнүн деңгээлин жогорулатуу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын өсүшүнө байланыштуу эмгек акыны индексациялоо аркылуу камсыз кылынат.
Эмгек акыны индексациялоо тартиби республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу уюмдарды кошпогондо, жамааттык келишим, макулдашуулар же уюмдун локалдык ченемдик актылары менен аныкталат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.