Бишкек, 11.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" КР мыйзамына кол койду.
Аталган мыйзам президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын финансылык туруктуулугун, автономия менен мамлекеттик көзөмөлдүн тең салмактуулугун, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча уникалдуу адистештирилген жогорку окуу жайы катары туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууга багытталган.
Аталган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.