Президент: “Альянс Алтын” 9 айда бюджетке 20 млрд сом которду

Президент
Президент: “Альянс Алтын” 9 айда бюджетке 20 млрд сом которду
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушуу өткөрүп, өз сөзүндө бүгүнкү күндө Талас өрөөнүндө аймактын башкы байлыгы жана чоңдугу боюнча Кыргызстандагы экинчи орундагы алтын кени – Жерүй кени иштеп жатканын айтты.

Президент кенди “Альянс Алтын” компаниясы иштетип, 1000ге чукул адамды иш орду менен камсыздап жатканын, алардын басымдуу бөлүгүн Талас облусунун тургундары түзөрүн белгиледи.

"Тоо-кен ишканасы республикалык бюджетке киреше салыгын, кошумча нарк салыгын, пайда салыгын, ошондой эле лицензияларды кармап туруу үчүн төлөмдөрдү жана бонустарды төлөйт. Мунун аркасында 2026-жылдын 9 айында эле мамлекеттик казынага 20 млрд сом которулган. Мурда Кумтөрдөн түшкөн 5 млрд сом кирешеге кубансак, бүгүнкү күндө Жерүйдүн бир эле кени төрт эсе көп киреше берип жатат”, - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Президент белгилегендей, каражаттар жергиликтүү бюджетке жана облустун өнүктүрүү фонддоруна багытталат. 2021-жылдан бери “Альянс Алтын” компаниясы жергиликтүү фонддорго 3,5 млрд сомдон ашык каражат которгон. Бул каражаттардын 50 пайызы Талас облусун өнүктүрүү фондуна, 30 пайызы Талас районун өнүктүрүү фондуна, ал эми калган 20 пайызы кен жайгашкан Шумкар-Уя айыл аймагынын бюджетине түшөт.