Президент: Таласка 9 айда республикалык бюджеттен 8,6 млрд сом бөлүндү

Президент
Президент: Таласка 9 айда республикалык бюджеттен 8,6 млрд сом бөлүндү
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Талас облусунун, ошондой эле Айтматов жана Манас райондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, аймакты жана жалпы республиканы мындан ары өнүктүрүүнүн келечегине токтолду.

Президент белгилегендей, 2021-жылы Талас облусунун бюджети 640 млн сомду түзсө, 2025-жылы анын бекитилген көлөмү 1 млрд 268 млн сомго жеткен. Ошентип, 2021-жылга салыштырмалуу бюджет дээрлик эки эсеге көбөйгөн.

2026-жылы Талас облусунун бюджети 1 млрд 341 млн сом өлчөмүндө бекитилген. Тогуз айдын ичинде республикалык бюджеттен 8 млрд 638 млн сом каржыланган.