Баткендин алыскы Зардалы айылында салтуу өрүк кургатуу, өрүктөн азыктарды жасоо ыкмалары ишкерликте айкалыштырылып, жаңы багытта өнүгүүдө. Айыл тургуну Мундузбек Темиркулов жергиликтүү өрүктү кайра иштетип, табигый азыктарды даярдоо менен Баткендин брендин таанытууга салым кошуп келет. Анын ишмердүүлүгү алыскы аймакта да өндүрүштү өнүктүрүп, жумуш орундарын түзүүгө жана салык төлөө менен жергиликтүү экономикага салым кошууга болорун айгинелейт.
“Зарыл ишиң болбосо да, Зардалыга бир баргын”, — каарманыбыз “Кабар” маалымат агенттигине берген маегин дал ушул сөздөр менен баштады. Анткени илгери ата-бабаларыбыз жолдун оордугуна байланыштуу “Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар?” деп айтып келишкен.
Бүгүнкү күндө Баткен облусунун Зардалы айылында жолдор оңдолуп, электр энергиясы менен камсыздоо жакшырып, аймактын инфратүзүмү өнүгүүдө. Мындай шарттардын түзүлүшү аймактагы ишкерлердин, дыйкан-фермерлердин ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө болууда.

Алсак, Баткен облусунун Зардалы айылынын тургуну, “Баткен Натурал КГ” ЖЧКсынын башкы директору Мундузбек Темиркулов айтылуу Баткен өрүгүн кайра иштетип, андан табигый, экологиялык таза азыктарды даярдап, сатыкка чыгарып келет.
“Биз өзүбүз өрүк зарлуу Баткенде жашагандыктан, бала кезибизден эле өрүк кургатып чоңойдук. Чоң ата, чоң энем менен Зардалыга чыгып, өрүк кургатчубуз. Баткендин өрүгүн брендге айландыруу максатында 2020-жылы “Баткен Натурал КГ” ЖЧКсын ачтым. Анткени жыл сайын ар кандай идеялар жаралып, бара-бара тажрыйба топтодум. Баткенде өрүк менен иштеген ишкерлер менен кеңири баарлашып, алардан иш тажрыйбасын үйрөндүм. Негизи ишкерликти баштоого жеке каражатымды жумшадым”, — деди Темиркулов.
Белгилей кетсек, каарманыбыз өрүктү кайра иштетүүдө ата-бабалардан бери колдонулуп келген салттуу технологияны колдонот. Мундузбек Темиркуловдун айтымында, мурда өрүктү күүп алып, алтын күкүрт менен ыштап, кургаткандан кийин данегин чыгарып, базарга сатышкан. Бүгүнкү күндө кайра иштетүүнүн жаңы технологиялары пайда болгонуна карабастан, каарманыбыз өрүктү табигый жол менен, күндүн нуруна кургатып келет. Эң кызыгы, ишкер өрүктүн сөөгүнөн данегин ажыратып, данекти чаккан жабдыкты өзү жасап алган.
“Данекти сөөгүнөн чагып алган аппаратты ширетүүчү болуп иштеген байкем экөөбүз кол менен жасап алдык. Жабдыкты жасоого 15 миң сом сарпталды. Анын атайын жөнгө салуучу бөлүгү бар. Улам жылдыруу аркылуу данекти сындырбай чагууга болот. Алгач өрүктүн сөөгүн жууп, 3-4 күнгө коюп коёбуз. Ошондон кийин данеги сынбай чыгат”, — дейт ишкер.

Бүгүнкү күндө ишкана төрт түрдүү продукция чыгарат. Алардын бири — ASHTEK деп аталган азык. Ал өрүктүн данегин алып салып, ичине куурулган таза данекти көлөмүнө жараша 2-3 даанадан салуу менен даярдалат. Мындан тышкары, ишкана экологиялык таза өрүк курутун, куурулган накта данекти жана данексиз өрүк какты сатууга ылайыктап, даярдайт.
Ишкана алдыда “өрүк чайы”, “өрүк оромосу”, “дарман” деп аталган жана дагы 3-4 түр продукцияны, ошондой эле өрүктүн, жаңгактын жана бадамдын майларын чыгарууну пландоодо.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Зардалы айылында 2-3 гектар, ал эми Кара-Бак айылында 12-13 гектар өрүк бактары бар. Ошондуктан ишкана чийки затты негизинен Баткен өрөөнүндөгү дыйкандардан сатып алат.
2025-жылы аталган ишкана 10 млн сомдон ашык каражатты айлантып, ишмердүүлүк жүргүзгөн. Продукциянын сапатын тастыктаган негизги жагдайлардын бири — ишкананын Кадамжайдагы санитардык-эпидемиологиялык станциядан ЕАС сертификатын алышы. Бул цехтин санитардык эрежелердин талаптарына ылайык келерин көрсөтөт. Учурда ишкана “Бир айыл — бир продукт” долбоору менен кызматташып, этикеткадан тартып башка маселелерге чейин кеңеш алып келет.
Белгилей кетсек, ишкананын даяр продукциялары өлкөнүн бардык аймактарында жана Бишкек шаарындагы эки дүкөндө сатылат. Буга чейин Россиянын Москва шаарында да сатылып келген. Учурда Азербайжанга сыноо иретинде 2 тонна продукция жөнөтүлгөнү кабарланды.

Учурда бул чакан ишканада 3-4 адам эмгектенет. Ал эми өрүк бышкан мезгилде жана бутоо учурунда жумушчулардын саны 10-15ке чейин жетет.
Каарманыбыз, жеке ишкер Мундузбек Темиркулов алыскы аймактагы мыкты салык төлөөчүлөрдүн бири. Ал ак эмгеги, маңдай тери менен мээнет кылып, салыктарын өз ыктыяры менен жана өз убагында төлөп келет.
“2025-жылдын жыйынтыгы жана 2026-жылдын беш айынын жыйынтыгы боюнча Баткен облусунда “Мыкты салык төлөөчү” деген наамга ээ болдук. Менимче, бул наам көп суммада салык төлөгөнүбүз үчүн эмес, салыктарды өз убагында төлөп, эч кандай айып пул албаганыбыз жана салыктан качпаганыбыз үчүн берилди деп ойлойм. Так эсимде жок, болжол менен жалпы жүгүртүүдөн 250-300 миң сом салык төлөдүм. Мындан тышкары, жумушчулардын салыктары да бар”, — деди ал.
Ишкер келечекте өндүрүштү кеңейтүү жана жаңы жабдууларды алуу пландары менен бөлүштү. Учурда ишкана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан сунушталган “Аймактык жайыт жамааттарынын туруктуулугун жогорулатуу” долбоорунун алкагында өткөрүлүүчү “БАЛИ” гранттык сынагына катышууну пландоодо. Мында максаты — керектүү шаймандарды сатып алууга грант алуу. Ошондой эле ишкер башка дыйкандар менен биригип, органикалык азыктарды даярдоочу кооператив түзүлүп жатканын да кошумчалады.

Жыйынтыктап айтканда, өлкөдөгү ири шаарларда жана район борборлорунда гана эмес, алыскы айылдарда да чакан ишкерликтин өнүгүп жатканы жакшы көрүнүш. Дыйкандар өндүргөн айыл чарба азыктары жеринде кайра иштетилип, жумуш орундары түзүлүп, салыктар төлөнүүдө. Аймактагы инфратүзүмдүн жакшырышы элдин жашоосун жеңилдетип, айыл турмушун жакшыртууга жана ишкердикти өнүктүрүүгө шарт түзүүдө.
Зардалы айылындагы өзгөрүүлөр тууралуу сөз кылган Мундузбек Темиркулов мурда болгон жол шартын, электр энергиясынын жана байланыштын жоктугун да эске салды.
“Белгилүү болгондой, мурда Зардалы айылына автоунаа менен март айынан тартып сентябрга чейин гана Ормузан жайлоосу аркылуу барчубуз. Өрүк, картошка сыяктуу азыктарыбызды да өтө кыйынчылык менен ташып келчибиз. Жолдун шарты өтө оор болгондуктан, ГАЗ-53 үлгүсүндөгү машинелер гана каттачу. Жөө басканда эле жолго 2-3 саат кетчү. Электр энергиясы, телефон байланышы, телеберүү да жок эле. Бир кабарды жеткирүү үчүн чек ара бекетинин кызматкерлерине кайрылчубуз. Бүгүнкү күндө Зардалы айылына Баткен шаарынан эки саатка жетпеген убакытта жеңил унаалар менен жетип жатабыз. Бул үчүн президентибиз Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиребиз”, — деди Темиркулов.