Зардалыдагы заманбап жол: Каттам шарты жакшырды

Коом 16 октябрь 2026 11:35
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Баткен облусундагы Зардалы айылына Кан-Тунук-Суу айылы аркылуу баруучу жолдун 6,4 чакырым тилкеси асфальтталды. Натыйжада алыскы тоолуу айылдын тургундары үчүн каттам шарттары жакшырып, жол түйшүгү жеңилдеди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, жолду асфальттоо иштерин №2 Жол эксплуатациялоо мекемеси толук аяктады.

"Жолдун оңдолушуна байланыштуу айыл тургундары президент Садыр Жапаровго жана курулуш иштерин аткарган жолчуларга ыраазычылык билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Учурда жол оңдоо иштеринин сапаты жана аткарылышы министрликтин көзөмөлүндө.