Улуттук банк "Өрүкзар" күмүш коллекциялык монетасын чыгарды

Экономика
Улуттук банк "Өрүкзар" күмүш коллекциялык монетасын чыгарды
copyright icon Улуттук банк

Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Улуттук банк 16-ноябрдан тарта "Кыргызстандын жаратылышы" сериясындагы "Өрүкзар" күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, монета өлкөнүн уникалдуу жаратылышын жана корукка алынган аймактарын даңазалоо, ошондой эле өрүктүн өзгөчө сортторун өстүрүү салтын жайылтуу максатында чыгарылууда.

"Монетанын алдыңкы бетинде гүлдөгөн өрүк бутагы, арткы бетинде бышкан мөмөлөрү түшүрүлгөн. Номиналы — 10 сом, күмүштөн жасалган. Жалпы 1000 даана чыгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Коллекциялык монетанын сатуу баасы 8 220 сомду түзөт. Ал Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында иш күндөрү саат 09:00дөн 14:00гө чейин сатылат.

Монета акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен атайын кутучада берилет. Ал Кыргызстандын бардык аймагында расмий төлөм каражаты болуп саналат.