Баткенде эл аралык "Өрүкзар" фестивалы өтүүдө

Аймак 18 сентябрь 2026 14:45
814761710_1624598889033560_8036447283213734374_n.jpg
815037688_1624599019033547_2776490905301077592_n (1).jpg
796968333_1624598979033551_2186781488053901255_n.jpg
813976096_1624598912366891_3795255461740659385_n.jpg
814952633_1624599032366879_2742322166336223866_n.jpg
814498789_1624598895700226_2198646823544484981_n.jpg
814779688_1624598922366890_4280087944574569350_n.jpg
815037688_1624599019033547_2776490905301077592_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 18.09.26. /Кабар/. Баткен облусунун Раззаков жана Сүлүктү шаарларында эл аралык "Өрүкзар" фестивалы башталды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18–20-сентябрда – үч күнгө созула турган маданий-туристтик иш-чара Раззаков шаарында мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун эстелигине гүл коюу аземи менен башталып, маданий программа тартууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Лейлек районундагы Курбаналы Сабыров атындагы орто мектебинин окуучулары К. Сабыровдун калемине таандык ырларды бир нече тилде аткарып, көрүүчүлөргө тартуулашты.

Салтка айланган фестивалга Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Россия мамлекеттеринен акын-жазуучулар, адабият сүйүүчүлөрү келишти.

Фестиваль алдыда "Сүлүктү–Белес Резорт" эс алуу борборунда уланат. Анда жаш акындардын сынагы өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталат. Ошондой эле белгилүү калемгерлер, коомдук ишмерлер жана поэзия сүйүүчүлөрүнүн катышуусунда ыр кечелери уюштурулат.

"Өрүкзар поэзия күнү" — Баткен облусунун Раззаков шаарында жыл сайын өткөрүлүүчү салттуу эл аралык поэзия фестивалы. Иш-чара Лейлек жергесинен чыккан белгилүү акын Курбаналы Сабыровдун жаркын элесине арналып, жаш акындарды колдоо жана поэзия өнөрүн жайылтуу максатын көздөйт. Быйыл иш-чара 36-жолу өткөрүлүүдө.