Бишкекте эл аралык UmutDoc кино фестивалы жыйынтыкталды

Маданият 16 сентябрь 2026 09:15
IMG_3264.jpeg
IMG_3267.jpeg
IMG_3265.jpeg
IMG_3266.jpeg
IMG_3263.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_3264.jpeg
IMG_3267.jpeg
IMG_3265.jpeg
IMG_3266.jpeg
IMG_3263.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. 10–14-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында II эл аралык UmutDoc кино фестивалы болуп өттү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, фестиваль кинорежиссёрлорду, кино тармагынын адистерин, эл аралык эксперттерди жана көрүүчүлөрдү бир аянтчага чогултту.

Быйылкы фестиваль белгилүү кинодокументалист Альгимантас Видугиристин 90 жылдыгына арналды. Анын чыгармачылыгына арналган атайын ретроспектива уюштурулуп, фестиваль «Ала-Тоо» кинотеатрында «Нарынский дневник» тасмасынын көрсөтүлүшү менен ачылды.

Сынактык программага Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Азербайжан, Грузия, Латвия, Тажикстан жана Өзбекстандан 8 толук метраждуу жана 16 кыска метраждуу документалдык тасма кирди. Тасмаларды көрсөтүү менен катар авторлор менен жолугушуулар жана талкуулар өткөрүлдү.

Фестивалдын UmutDoc Industry кесиптик платформасынын алкагында Project Pitching, Project Showcase, мастер-класстар жана кесиптик талкуулар уюштурулду.

Быйыл фестивалда биринчи жолу студенттик калыстар тобу иштеп, сынактык тасмаларды баалоого катышты.

Фестивалдын жыйынтыгында лауреаттарга сыйлыктар тапшырылды.

Мындан тышкары, New York Film Academy Kazakhstan тарабынан питчингдин катышуучуларына жалпы суммасы 15 миң АКШ долларын түзгөн сертификаттар берилди.