Бишкекте Dari Fest эл аралык фестивалы өтөт

Коом 26 июнь 2026 19:20
Бишкекте Dari Fest эл аралык фестивалы өтөт

Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Бишкекте 28-июлда Dari Fest эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара “Жаштык Арена” спорт комплексинде болот.

Иш-чара белгилүү ырчыларды бир аянтчага чогултат. Фестивалдын алкагында интерактивдик оюндар өткөрүлөт жана тематикалык аянтчалар жайгашмакчы.

Dari Fest долбоору өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө багытталган.