“Эрезе” тасмасы Индиядагы эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт

Маданият
“Эрезе” тасмасы Индиядагы эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. “Эрезе” толук метраждуу тасмасы 57-эл аралык кинофестивалына катышат. Иш-чара 20-28-ноябрь күндөрү Индиянын Гоа шаарында өтөт. Бул тууралуу Кыргыз киносун өнүктүрүү фонду кабарлады.

Маалыматка ылайык, “Эрезе” тасмасы эл аралык “А” класстагы кинофестивалга экинчи жолу катышууда. Анын дүйнөлүк бет ачары июнь айында Кытайдын Шанхай шаарында өткөн XXVIII эл аралык кинофестивалда болуп, “Азиянын жаңы таланттары” сынагында дипломго татыган.

Ошондой эле сентябрь айында тасма Россияда өткөн “Амур күзү” эл аралык кинофестивалында баш байгени жеңип алган. Октябрь айында Бразилиядагы Сан-Паулу эл аралык кинофестивалына катышкан.

“Эрезе” тасмасынын сценарийинин автору жана режиссёру - Наргиза Дотиева, продюсери - Гүлнара Касмамбетова. Башкы ролдорду Уларбек Мирланов жана Бермет Өмүрова аткарган.

Тасма “Кыргызсериал” жана “Dapanfilm” компаниялары тарабынан тартылып, 2025-жылдын декабрь айында аяктаган.