"Ош" базары, арена, автобекет: Ири долбоорлорду металл менен камсыздаган кыргыз заводу

Маек
"Ош" базары, арена, автобекет: Ири долбоорлорду металл менен камсыздаган кыргыз заводу

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Акыркы жылдары өлкөдө ата мекендик өндүрүш өрүш алууда. Жаңы ишканалар ачылып, ишкердикке кадам таштоодо. Муну менен катар, ишмердүүлүгүн кеңейтүү үчүн инвестициянын көлөмүн көбөйткөндөр арбын. Алардын арасында Манас шаарында металл конструкцияларын өндүрүүчү “Металлстрой” заводу да бар. Ишкана жумуш орундарын түзүп, экономикага салым кошуунун үстүндө иштеп келет. “Кабар” агенттиги ири курулуш долбоорлорун ишке ашырууга катышып келе жаткан компаниянын Манас шаарындагы филиалынын директору Кыязбек Мырзамамытов менен маектешти.

– Ата мекендик өндүрүштүн көчүн улаган Манас шаарындагы жаңы металл конструкциялар заводу аймактын өнөр жай потенциалына жаңы дем берүүдө. Деги эле бул масштабдуу долбоордун түпкү максаты эмнени көздөйт?

– Манас шаарында “Металлстрой” компаниясынын заманбап металл конструкцияларын чыгаруучу заводунун ишке кириши биз үчүн гана эмес, жалпы аймак үчүн да маанилүү окуя. Бул долбоордун негизги максаты — Кыргызстандын курулуш тармагын сапаттуу металл конструкциялары менен камсыз кылуу, ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү жана өлкөбүздүн экономикасына салым кошуу. Биз металл конструкцияларын өлкө ичинде өндүрүп, ири курулуш долбоорлорунун керектөөсүн ата мекендик материалдар менен камсыздоого умтулуудабыз.

– Долбоорго канча каражат жумшалды жана канча адам иш менен камсыз болду?

– Жалпы 440 млн сом инвестиция салынды. Натыйжада 50дөн ашык туруктуу жумуш орду түзүлдү. Бул биз үчүн жөн гана сан эмес, жергиликтүү тургундар үчүн туруктуу эмгек жана киреше булагы. Заводубуздун өндүрүштүк кубаттуулугу айына 1000 тоннага чейин металл конструкцияларын чыгарууга эсептелген. Ишкана заманбап жабдуулар менен камсыздалып, өндүрүшкө тажрыйбалуу адистер тартылган. Биз үчүн негизги көрсөткүч көлөм гана эмес, продукциянын сапаты, конструкциялардын бекемдиги жана буюртмаларды белгиленген мөөнөттө аткаруу болуп саналат.

– Мындай ири өндүрүш ишканасын эмне себептен Манас шаарында курууну чечтиңиздер?

– Манас шаарынын географиялык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү бул долбоорду ишке ашырууга ыңгайлуу шарт түздү. Биз аймактарда өндүрүш ишканалары көбөйсө, жаңы жумуш орундары түзүлүп, адистердин тажрыйбасы өсүп, жергиликтүү экономикалык активдүүлүк жогорулайт деп эсептейбиз. Бул завод Манас шаарынын жана жалпы түштүк аймактын өнөр жай потенциалын кеңейтүүгө салым кошот деген ишеничтебиз.

– Сиздердин ишкердик тажрыйбаңыздарда ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү багытында кандай мүмкүнчүлүктөр ачылууда?

– Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында ишкерликти өнүктүрүүгө, ата мекендик өндүрүштү колдоого жана инвестиция тартууга көңүл бурулуп жатканы биз үчүн маанилүү. Ишкерлерге ишеним көрсөтүлүп, жеке сектордун экономикадагы ролун күчөтүүгө багытталган аракеттер жүргүзүлүп жатканы дем-күч берет. Биз мамлекет менен жеке сектор бири-бирин толуктап, өнөктөш катары иш алып барганда гана туруктуу өнүгүүгө жетишебиз деп ишенебиз.

Өлкөдө экономикалык активдүүлүктүн өсүшү, курулуш жана инфраструктуралык долбоорлордун көбөйүшү ата мекендик өндүрүш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Мындай шартта ишкерлердин түзүлгөн шарттарды натыйжалуу пайдаланып, каражатты өндүрүшкө жумшоо, жумуш орундарын түзүү, салыктарды мыйзамдуу төлөө жана сапаттуу продукция чыгаруу. Биз бул долбоор аркылуу мамлекеттин ишкерлерге болгон ишенимин актап, өлкөнүн экономикасына реалдуу салым кошууну көздөйбүз.

– Бүгүнкү күндө сиздердин компания өлкөнүн курулуш тармагындагы кайсы стратегиялык ири долбоорлорду ишке ашырууга катышып жатат?

– Биз өнөктөштөрүбүз менен биргеликте өлкөдөгү бир катар ири объекттерди ишке ашырууга катышып келебиз. Бишкектеги жаңы автобекет үчүн 1500 тонна металл конструкциясы даярдалып, монтаждалган. Жаңы “Ош” базары үчүн 1200 тонна, “Бишкек Арена” стадиону үчүн 1200 тонна металл конструкциялары жана темир тетиктери даярдалып орнотулган. “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркындагы асма жол долбоору үчүн австриялык Doppelmayr компаниясы менен биргеликте 300 тонна конструкция даярдалып, монтаждоо иштери 45 күндө бүткөрүлгөн. Ошондой эле парктагы ресторандын курулушуна 460 тонна металл конструкциясы даярдалган. Мындан тышкары, турак жай, кампа, өндүрүш имараттары, көпүрө, мектеп, бала бакча жана медициналык мекемелердин курулушунун алкагында да иштер аткарылып келет.

– Сырттан келген товарлардын ордун басып, ички өндүрүштү чыңдоого кошкон салымыңыздар кубандырат. Айтсаңыз, ишкананын келечектеги өнүгүү багыты жана экспорттук пландары кандай?

– Алдыда өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалануу, сапаттуу продукция чыгаруу, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана ири долбоорлор менен кызматташууну кеңейтүү максаттарыбыз бар. Биз өлкөбүздөгү курулуш жана өнөр жай тармактарынын өнүгүшүнө активдүү катышууну каалайбыз. Манас шаарында ачылып жаткан завод ушул багыттагы маанилүү кадам болуп саналат. Биздин ишкана Манас шаарынын өнүгүшүнө, жергиликтүү тургундардын жумуш менен камсыз болушуна жана ата мекендик өндүрүштүн өсүшүнө өз салымын кошот деп ишенем. Биз үчүн эң башкысы — сапаттуу өндүрүш, ишенимдүү курулуш жана келечек муундарга кызмат кыла турган бекем объекттерди жаратуу.

– Сиздердин продукция ички рынокту гана камсыздабастан, тышкы базарды да багындырууга мүмкүнчүлүгү бардай. Айтсаңыз, мекендик товарларды чет өлкөлөргө экспорттоо жаатында кандай аракеттер жүрүүдө?

– Биз өз продукциябыз менен жергиликтүү рынокту гана ээлебестен, экспортко чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн да карап жатабыз. Бул багытта сүйлөшүүлөр да жүрүүдө. Коңшу мамлекеттерге экспорттоо алдыдагы максаттарыбыздын бири. Жакында экспорт маселеси да жолго коюлат.

– Өндүрүштүн өсүшү казынага түшкөн кирешеден да көрүнөт эмеспи. Жыл ичинде мамлекеттик казынага кошкон салыктык салымыңыздардын көрсөткүчү кандай болууда?

– Бишкектеги заводубуз былтыркы жылдын жыйынтыгы менен 161 млн сом салык төлөгөн. Салык төлөөчү 500 ишкананын рейтингинде биздин компания 2024-жылы ири салык төлөөчүлөрдүн катарына 282-орунду ээлеген. Былтыр 126-орунга чыккан. Алдыда биз бул көрсөткүчтөрдү жакшыртабыз деп турабыз. Анткени Манас шаарындагы заводубуздун ишке кириши ишти дагы да илгерилетмекчи. Ишкердикти 2015-жылы баштаганбыз. Бишкектеги заводубуз, Ошто филиалыбыз ишке кирди. Өлкөдө курулуш тармагында дагы долбоорлорго катышып, буюртманы толук аткарууга потенциалыбыз жетиштүү. Биздин чет өлкөлөрдөн металл алып келүү боюнча келишимдерибиз бар.