Манас шаарында металл өндүрүүчү ири завод ишке кирди

Министрлер кабинети
6aec2ee33bb56.jpeg
6aec2edf7d2fb.jpeg
6aec2edf954f4.jpeg
6aec2ee1252f7 (1).jpeg
6aec2ee4d6b6d (1).jpeg
6aec2ee4193b8.jpeg
6aec2ee3b3343.jpeg
6aec2ee46155e.jpeg
6aec2ee243d12.jpeg
6aec2ee043aa4 (1).jpeg
Алдыга
Артка
6aec2ee33bb56.jpeg
6aec2edf7d2fb.jpeg
6aec2edf954f4.jpeg
6aec2ee1252f7 (1).jpeg
6aec2ee4d6b6d (1).jpeg
6aec2ee4193b8.jpeg
6aec2ee3b3343.jpeg
6aec2ee46155e.jpeg
6aec2ee243d12.jpeg
6aec2ee043aa4 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 05.11.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарында металл конструкцияларын өндүрүүчү "Металлстрой" заводунун ачылышына катышты.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып, минкаб төрагасы өлкөдө курулуш тармагы жогорку ыргак менен өнүгүп жатканын, бул өз кезегинде курулуш материалдарына жана металл конструкцияларына болгон суроо-талапты күчөтүп жатканын белгиледи.

Заводго 2,5 млн доллар жеке инвестиция жумшалган. Биринчи жылы 1400 тонна металл конструкциясын өндүрүү пландалууда. Ишканада 50 жаңы жумуш орду түзүлөт. Заводго лазердик кесүүчү жана фрезерлөөчү заманбап жабдуулар орнотулган.

"Мындай ишканалар импортко көз карандылыкты азайтып, өлкө ичинде кошумча нарк түзүүгө өбөлгө болот", – деди Адылбек Касымалиев.

Жыйынтыгында минкаб төрагасы "Металлстрой" заводу Манас шаарынын жана өлкөнүн курулуш тармагын жергиликтүү продукция менен камсыздоодо маанилүү роль ойной турганына, алдыда өндүрүштү кеңейтип, экспортту көбөйтүүгө салым кошооруна ишеним билдирди.