Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусун ири транспорттук-логистикалык борборго айландырууга багытталган долбоорлорду атады. Бул тууралуу мамлекет башчысы Манас шаарынын жана Сузак районунун эли жана активи менен жолугушканда билдирди.
Президент белгилегендей, "Жалал-Абад" эл аралык аэропортунун курулушунун жарымынан көбү аткарылды. Өлкө үчүн облус аркылуу өтө турган Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун да мааниси чоң.
Ал сооданы кеңейтүүгө, жүк ташууну, кампа кызматтарын жана өндүрүштү өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт.
Ошондой эле Кытайдын Кашкар шаарынан жаңы аба багытынын ачылышы Кыргызстандын аэропортторуна учкан учактардын маршрутун кыскартууга жана аба транзитин өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.