Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Көрүнүктүү окумуштуу, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, академик Жамин Акималиев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан билдиришти.
Жамин Акималиев 1936-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-талаа районунун Үгүт айылында жарык дүйнөгө келген.
Окумуштуу Ата Мекендик агрардык илимдин көрүнүктүү өкүлү, дүйнөлүк илимий коомчулукка таанылган окумуштуу болгон. Анын көп жылдык илимий, педагогикалык жана коомдук ишмердиги Кыргызстандын айыл чарба илиминин жана агроөнөр жай комплексинин өнүгүшүнө зор салым кошкон.
Ал бүт өмүрүн илимге кызмат кылып, агрардык тармакты өнүктүрүүгө жана өлкөнүн илимий дараметин чыңдоого арнаган. Анын илимий изилдөөлөрү, иштеп чыгуулары жана практикалык сунуштары дыйканчылыкты өркүндөтүүгө, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана агрардык тармактын актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүгө олуттуу салым кошкон.