СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева дүйнөдөн кайтты

Коом
СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева дүйнөдөн кайтты
copyright icon WWW

Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Кыргыз опера ырчысы, СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева 90 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Кайыргүл Сартбаева 1936-жылы 20-июнда Кемин районунун Кара-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Ал П. И. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын аяктап, 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында солист болуп иштей баштаган.

Чыгармачылык жолунда ырчы 50дөн ашык опералык партияны аткарган. Алардын арасында “Айчүрөк” операсындагы Айчүрөк, “Манас” операсындагы Каныкей, “Токтогулдагы” Калыман, “Евгений Онегиндеги” Татьяна, “Чио-Чио-Сандагы” Баттерфляй жана “Аида” операсындагы башкы каарман бар.

Мындан тышкары, анын аткаруусундагы 600гө жакын ария, романс жана башка музыкалык чыгармалар Кыргыз улуттук телерадиоберүү корпорациясынын “Алтын фондуна” жазылган

Кайыргүл Сартбаева педагогикалык ишмердүүлүк менен да алектенип, бир катар окуу жайларда сабак берген. 1986–1989-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору кызматын аркалаган.

1980-жылы ага СССРдин эл артисти ардактуу наамы ыйгарылган.