Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Кайыргүл Сартбаева шакирттерине ырчылык өнөрдү гана үйрөтпөстөн, аларга эне катары да кам көрчү. Бул тууралуу опера ырчысы менен коштошуу зыйнаты учурунда анын шакирти, Кыргыз эл артисти Замира Мавлянова билдирди.
Мавлянова “Кабар” агенттигине устатынын мээрими менен чыгармачылык мектебин жылуу эскерди.
“Мен Кайыргүл эженин 1-курстан 5-курска чейин шакирти болдум. Ал мени абдан жакшы көрчү. Мен башка аймактан келгендиктен, жатаканада жашачумун. Мени дайыма “Замиринка” деп эркелетчү. Экзамен учурунда мени дайыма үйүнө ээрчитип кетип, бешбармак жасап, чучук салып берип, ырдаганга күч-кубат болсун деп кам көрчү. Кээде баштыгыма сабиз салып көтөрө келчү. Ушундай жөнөкөй көрүнгөн нерселердин өзү азыр мен үчүн абдан кымбат эскерүү болуп калды”, — дейт Замира Мавлянова.
Ошондой эле ал устатын өзүнүн экинчи апасы деп эсептейт.
“Мен аны дайыма экинчи апам деп атайм. Өз апам мага өмүр берсе, Кайыргүл Сартбаевна искусство дүйнөсүнө жол ачып, өнөргө багыт берди. Мен өмүр бою ырдап келем жана анын үнүн, мага берген сабактарын дайыма ичимден угуп тургандай болом. Ал өзү билген, өзү аткара алган чыгармаларды мага үйрөттү. Бүгүнкү күнгө чейин анын ырчылык мектебин улантып келем”, — деп эскерди ал.
Замира Мавлянова учурда өзү да шакирттерди тарбиялап, устатынан алган билимин кийинки муунга өткөрүп келет. Ал муну бир нече муунду бириктирген чыгармачылык мурас катары баалайт.
“Мен да учурда шакирттерди тарбиялап келем. Аларга Кайыргүл эжеден үйрөнгөндөрүмдү үйрөтүп, анын мектебин улантуудамын. Ал эми Кайыргүл Сартбаевна кезинде Москва консерваториясында Виктория Рождественскаядан билим алган. Виктория Рождественская — менин чыгармачылыктагы чоң энем болсо, Кайыргүл эже — апам, ал эми Кайыргүл эже менин шакирттеримдин чыгармачылыктагы чоң энеси болуп калат. Биз ушул өнөр мектебин муундан муунга өткөрүп келе жатабыз”, — деди Кыргыз эл артисти.