Композитор, маданият таануучу Турганбай Молдогазиев дүйнө салды

Коом
Композитор, маданият таануучу Турганбай Молдогазиев дүйнө салды
copyright icon www

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор, обончу, маданият таануучу Турганбай Молдогазиев 86 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Турганбай Молдогазиев кыргыз улуттук искусствосун өнүктүрүүгө, маданий мурастарды сактоого жана жаш муундарга музыкалык билим берүүгө өмүрүн арнаган көрүнүктүү инсан эле. Ал чыгармачылык жана педагогикалык ишмердүүлүгү аркылуу кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп, артында баалуу руханий мурас калтырды.

Ал 1940-жылдын 13-июнунда Ысык-Көл облусунун Темир айылында туулган. М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын жана Москва мамлекеттик маданият институтун аяктаган.

Эмгек жолун музыкалык билим берүү тармагынан баштап, ар кайсы жылдары маданий жана билим берүү мекемелеринде жооптуу кызматтарды аркалаган. М. Абдраев атындагы Республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатынын директору, Кыргыз ССРинин Театр коомунун төрагасынын орун басары, Кыргыз ССРинин Маданият министрлигине караштуу Элдик чыгармачылык жана маданий-агартуу илимий-методикалык борборунун директору болуп иштеген. Ошондой эле Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, Бишкек гуманитардык университетинде проректор жана окутуучу болуп эмгектенген.

Турганбай Молдогазиев чыгармачылык менен илимий изилдөөнү айкалыштырып, кыргыз фольклорун, элдик музыканы жана “Манас” эпосун изилдөөгө өзгөчө көңүл бурган. Анын “Күү баяны” аттуу илимий-көркөм радиоберүүлөрүнүн сериясы угармандарга улуттук музыкалык мурастарды таанытууда маанилүү орун ээлеген.

Ал бир катар обондордун, күүлөрдүн, пьесалардын жана маданий иш-чаралардын сценарийлеринин автору болгон. Анын “Сонун кез”, “Ак шоола чачсаң”, “Гүл талаа”, “Гүлдөй бер, Кыргызстан” сыяктуу чыгармалары, “Карыянын кайрыгы” жана “Ысык-Көл баяны” аттуу күүлөрү чыгармачылык мурасынын бир бөлүгүн түзөт.

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" жана "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” ардактуу наамдары ыйгарылып, “Эмгек ардагери” жана СССР Куралдуу күчтөрүнө маданий кызмат көрсөтүүдөгү жетишкендиктери үчүн төш белгилери тапшырылган.

Турганбай Молдогазиевдин дүйнөдөн кайтышы кыргыз маданияты жана улуттук музыкалык искусство үчүн орду толгус жоготуу болду. Анын эмгеги, чыгармачылык мурасы жана маданиятка болгон берилгендиги элдин эсинде сакталып калат.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 23-октябрда Бишкек шаарындагы Москва көчөсү, №90 дарегинде саат 10:00дө өтөт.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, кесиптештерине жана шакирттерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.