Белгилүү калемгер Калканбай Ашымбаев акыркы сапарга узатылды

Коом 25 август 2026 15:05
786434776_28565302826416246_8080159375558413125_n.jpg
783985833_1571451241293267_6288687732537420317_n.jpg
778985302_1372693585063782_2189056753443427678_n.jpg
782877815_1338198191727445_5234080962009910807_n.jpg
784817068_1796231594896825_161184585905419266_n.jpg
786870953_1733802721210118_8976945758938057294_n.jpg
783856897_2125894137992301_5588260110726627784_n.jpg
786434764_2447214529023603_2206763743368012189_n.jpg
786315454_2269223870530477_9155828515930608617_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Бүгүн, 25-августта Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, белгилүү калемгер, публицист жана журналист Калканбай Ашымбаев акыркы сапарга узатылды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, коштошуу зыйнаты Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү.

Калканбай Ашымбаев кыргыз адабияты менен журналистикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон көрүнүктүү калемгерлердин бири. Ал СССР Журналисттер союзунун жана СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болуп, көп жылдар бою проза, публицистика жана фельетон жанрларында үзүрлүү эмгектенген.

Калканбай Ашымбаев Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына сиңирген ардагери, Эл агартуунун отличниги наамдарына татыган.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатынан соң маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.