Опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева акыркы сапарга узатылды

Коом
WhatsApp Image 2026-10-22 at 10.06.01.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-22 at 10.06.42.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-22 at 10.06.03 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-22 at 10.06.03.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-22 at 10.06.02 (5).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-22 at 10.06.02 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-22 at 10.06.02 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-22 at 10.06.02 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-22 at 10.06.02 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-22 at 10.06.02.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-22 at 10.06.01 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-22 at 10.06.01 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-22 at 10.06.01 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-22 at 10.06.01 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-22 at 10.20.40.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 22.10.26 /Кабар/. Бишкек шаарында опера ырчысы, СССРдин эл артисти, профессор Кайыргүл Сартбаева менен коштошуу зыйнаты өттү.

Маркум акыркы сапарга өзү көптөгөн жылдар бою эмгектенген А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынан узатылды.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев баштаган бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, замандаштары, кесиптештери, шакирттери жана жакындары катышты.

Анда мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Кайыргүл Сартбаеванын дүйнөдөн кайтышы кыргыз маданияты, анын ичинде опера искусствосу үчүн чоң жоготуу болгонун белгиледи.

Анын айтымында, ырчы кыргыз маданиятынын алтын доорун жараткан инсандардын бири болуп, талантын элинин руханий дүйнөсүн байытууга арнады.

Мамкатчы залкар ырчынын чыгармачылык мурасы жана жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүк сакталарын белгилеп, келечекте да анын жолун улаган таланттар өсүп чыгарына тилектештигин билдирди. Ошондой эле маркумдун жакындарына жана жалпы кыргыз элине көңүл айтты.

Кыргызстандын улуттук маданиятынын жана опера искусствосунун залкары Кайыргүл Сартбаева 20-октярбда каза болду.