Кайыргүл Сартбаева менен кесиптеш болгонума сыймыктанам – Кускаков

Пикир
Кайыргүл Сартбаева менен кесиптеш болгонума сыймыктанам – Кускаков
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Кайыргүл Сартбаеванын чыгармачылык жолу жана адамдык сапаттары кесиптештеринин эсинде терең из калтырды. Бул тууралуу Кыргыз эл артисти Кайымбек Кускаков “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Кускаков залкар ырчы менен көп жылдар бою бир сахнада иштешип, анын өнөргө болгон мамилесине жана адамдык сапаттарына күбө болгон.

“Эженин өз кесибине берилгендиги баарыбызга үлгү болчу. Сахнага да өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле жасап, ар бир ролун мыкты аткарууга умтулчу. Репетицияга келгенде эле атайын кийимин кийип алып, ишине бүтүндөй берилип киришчү. Биз анын ушунчалык тырышчаактыгына таң калчубуз. Кайыргүл эже өзүнүн ак эмгеги менен ушул даражага жетти.
Анын үнү адамга жагымдуу, жылуу, диапазону кең болчу. Сахнада өзүн алып жүрүшү да өзгөчө эле. Азыр деле жакшы үндүү ырчылар бар, бирок Кайыргүл эженин өзүнө гана таандык сопрано үнү, аткаруучулук чеберчилиги жана сахналык маданияты бар болчу. Аны башка бирөө менен салыштыруу кыйын”, — деди Кайымбек Кускаков.

Кускаков кесиптеши менен бир катар спектаклдерде чогуу иштегенин да эске салды.

“Джакомо Пуччини “Чио-Чио-Сан” операсында Кайыргүл эже Мадам Баттерфляйдын ролун аткарса, мен Нагасакидеги америкалык консул Шарплестин ролун ойногом. Чайковскийдин “Иоланта” операсында мен Роберттин партиясын ырдагам. Насыр Давлетовдун “Курманбек” операсында мен Курманбектин ролун аткарсам, эже Айганыштын образын жараткан.
Эже менен канча жолу чогуу сахнага чыктык, канчалаган концерттерди бердик. Аймактарды кыдырып, жогорку окуу жайларда өнөр көрсөттүк. Ошол күндөрдү эстегенде, Кайыргүл эже менен замандаш жана кесиптеш болуп калганыма сыймыктанам”, — деди ал.

Ал Кайыргүл Сартбаеваны тамашакөй, ачык-айрым, адамдар менен бат тил табышкан жана жакындарына камкор мамиле жасаган инсан катары сыпаттады.

“Ал тамашакөй, адамдар менен бат тил табышкан, жылуу мамилелүү адам эле. Адамдын артында жасаган эмгеги, элге калтырган өнөрү калат экен. Кайыргүл эженин да үнү, чыгармачылык мурасы жана жаркын элеси кыргыз элинин эсинде жашай берет”, — деп белгиледи Кайымбек Кускаков.