Өмүрүн өнөргө арнаган Кайыргүл Сартбаева: Уулу жана кесиптештери эскерет

Маданият
Өмүрүн өнөргө арнаган Кайыргүл Сартбаева: Уулу жана кесиптештери эскерет

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргыз опера искусствосунун көрүнүктүү өкүлү, СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева 90 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал өмүрүн опера өнөрүнө арнап, кыргыз музыкасынын өнүгүшүнө чоң салым кошту. Чыгармачылык жолунда ондогон каармандардын образын жаратып, миңдеген угармандарга үнү менен таанылган. Ошондой эле жаш ырчыларды тарбиялап, артынан өнөр жолун уланта турган шакирттерди калтырды.

Кайыргүл Сартбаева 1936-жылы 20-июнда Кемин районундагы Кара-Булак айылында төрөлгөн. Ал бала кезинен эле турмуштун оор сыноолоруна туш болуп, ата-энесинен эрте ажыраган. Жакындарынын колунда чоңоюп, мектеп жашында эле ырчылыкка болгон жөндөмү байкалган. Мындан улам музыка мугалими ага өзгөчө көңүл буруп, аккордеондун коштоосунда ырдатып, шыктандырган.

Кийин анын талантын байкаган адамдардын колдоосу менен Москвадагы Пётр Чайковский атындагы мамлекеттик консерваторияга окууга өткөн. Ал жакта 9 жыл билим алып, кесиптик жактан калыптанган. 1962-жылы Кыргызстанга кайтып келип, Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти болуп иштей баштаган. Дал ушул мезгилден тартып анын чоң сахнадагы чыгармачылык жолу башталган.

Кайыргүл Сартбаева опера сахнасында 50дөн ашык ролду аткарган. Ал кыргыз операларындагы Айчүрөк, Каныкей, Калыман, Тотуя, Акбийке, Айканыш сыяктуу каармандардын образын жараткан. Дүйнөлүк классикада да өзүнүн чеберчилигин көрсөтүп, Чайковскийдин “Евгений Онегин” операсында Татьяна, “Пиковая дама” операсында Лиза, Пуччининин “Чио-Чио-Сан” операсында Мадам Баттерфляй, Вердинин “Отелло” операсында Дездемона, “Дон Карлос” операсында Елизавета жана “Аида” операсында башкы ролду аткарган.

Анын үнү, сахнадагы жүрүм-туруму жана каармандын образын ачып берүү чеберчилиги көрүүчүлөрдүн эсинде калды. Ырчы кыргыз операларын гана аткарбастан, дүйнөлүк классикалык чыгармаларды да жогорку деңгээлде тартуулап, улуттук опера өнөрүн башка өлкөлөргө таанытууга салым кошкон.

Кайыргүл Сартбаева 1976-жылы Токиодо өткөн эл аралык вокалдык сынакта Пуччининин “Чио-Чио-Сан” операсындагы Мадам Баттерфляйдын образын аткарганы үчүн күмүш медаль алган. Анын аткаруусундагы ариялар, романстар жана ырлардын 600гө жакын жазмасы Кыргыз улуттук телерадиоберүү корпорациясынын, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн теле-радио фонддорунун алтын казынасына кирген. Москвадагы “Мелодия” фирмасы анын аткаруусундагы төрт грампластинка чыгарган.

Ырчы СССРдин Чоң театрында жана Кремлдеги съезддер сарайында коюлган 15 спектаклде башкы ролдорду аткарган. Чыгармачылык сапарлары менен Дания, Канада, Куба, Монголия, Польша, Румыния, Сирия, Түркия, Чехословакия, Швейцария, Швеция, Япония, Кытай жана башка өлкөлөрдө болгон. Анын өнөрү чет өлкөлүк көрүүчүлөргө да таанылып, кыргыз ырчыларынын эл аралык сахнада өз орду бар экенин көрсөттү.

Кайыргүл Сартбаева үчүн чыгармачылык сахна менен гана чектелген эмес. Ал өмүрүнүн бир бөлүгүн жаш таланттарды тарбиялоого арнаган. Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда жана Кыргыз улуттук консерваториясында сабак берген.

1986–1989-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору болгон. Ошондой эле Кыргыз улуттук консерваториясынын түптөлүшүнө салым кошуп, маданият тармагындагы иштерге активдүү катышкан. “Мээрим”, “Тоо-Гүлү”, “Эне” кайрымдуулук фонддорунун жана Кыргызстан аялдарынын конгрессинин ишине да аралашкан.

Кайыргүл Сартбаева кыргыз маданиятына кошкон салымы үчүн 1974-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти, 1980-жылы СССРдин эл артисти наамдарына татыган. Ал 2002-жылы III даражадагы, 2016-жылы II даражадагы “Манас” ордендери, 2022-жылы “Курманжан датка” ордени жана 1997-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган.

Талантты уулу эскерет

Кайыргүл Сартбаева сахнада залкар талант болсо, үйүндө балдары үчүн мээримдүү эне, үй-бүлөсүнүн бүтүндөй ааламы болгон.

Уулу, опера жана балет театрынын көркөм жетекчиси жана башкы режиссеру Искендер Сартбаев апасынын бала кезиндеги эркелеткен күндөрүн, гастролдон кайтып келгендеги кубанычтуу учурларды жылуулук менен эскерди.

“Ар бир бала үчүн апасы Кудайындай көрүнгөндөй эле биз үчүн да апабыз жөн гана апа эмес, бүтүндөй ааламыбыз болчу. Өзүбүздү кичинекей жылдыздар десек, апабыз биздин космосубуз эле.
Мен бала кезимде аябай тентек, эрке бала болчумун. Апамды көп кыйначумун. Башка балдардын апалары пирожки жасап бергенин угуп калсам, “Апа, сиз да бизге пирожки жасап бериңизчи”, — деп суранчумун. Кийин пенсияга чыкканда пирожкини көп-көп жасап берем деп калчу. Бирок кийин дагы педагог катары иштеп, дайыма эл кызматында болду. Кийин апамдын ошол сөзүн эстеп, “качан жасап бересиз? деп күлүп калчубуз”, — деп эскерет ал.

Анын айтымында, чыгармачылыгына берилген Кайыргүл Сартбаева гастролдорго көп чыкса да, балдарына дайыма белек ала келип, аларды кубантчы.

“Апам элдин адамы болгондуктан, жумушуна аябай берилип иштечү. Союз учурунда концерттер менен Ыраакы Чыгыштан тартып Прибалтикага чейин барчу. Кээде бир айлап гастролго кетет эле. Биз болсо апамды чыдамсыздык менен күтчүбүз. Келгенде бизге деп көп белектерди ала келер эле. Апабыз келди деп сүйүнүп, тосуп алчубуз. Азыр ошол күндөрдү жылуулук менен эстейм”, — деди Искендер Сартбаев.

Кайыргүл Сартбаева тууралуу сөз болгондо, аны менен бир сахнада иштешип, көп жылдар бою кесиптеш болгон адамдардын эскерүүлөрү да өзгөчө мааниге ээ. Алар үчүн ал таланттуу ырчы гана эмес, кесибине берилген, адамгерчиликтүү жана жылуу мамилеси менен айырмаланган инсан эле.

Аны башка бирөө менен салыштыруу кыйын

Кайыргүл Сартбаеванын чыгармачылык жолу анын кесиптештеринин эсинде да өзгөчө орунда турат. Кесиптеши Кыргыз эл артисти Камчыбек Кускаков залкар ырчы менен көп жылдар бою бир сахнада иштешип, анын өнөргө болгон мамилесине жана адамдык сапаттарына күбө болгон.

Анын айтымында, Кайыргүл Сартбаева репетицияга да, сахнага да өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле жасап, ар бир ролун мыкты аткарууга умтулчу.

“Эженин өз кесибине берилгендиги баарыбызга үлгү болчу. Репетицияга келгенде эле атайын кийимин кийип алып, ишине бүтүндөй берилип киришчү. Биз анын ушунчалык тырышчаактыгына таң калчубуз. Кайыргүл эже өзүнүн ак эмгеги менен ушул даражага жетти.
Анын үнү адамга жагымдуу, жылуу, диапазону кең болчу. Сахнада өзүн алып жүрүшү да өзгөчө эле. Азыр деле жакшы үндүү ырчылар бар, бирок Кайыргүл эженин өзүнө гана таандык сопрано үнү, аткаруучулук чеберчилиги жана сахналык маданияты бар болчу. Аны башка бирөө менен салыштыруу кыйын”, — деди Камчыбек Кускаков.

Ал залкар ырчынын чыгармачылыкка жетүү жолу оңой болбогонун белгиледи.

Кускаковдун айтымында, Кайыргүл Сартбаева кичинесинен турмуштун оор сыноолорун башынан өткөрүп, ошого карабастан талыкпаган эмгеги жана таланты менен кыргыз операсынын көрүнүктүү өкүлүнө айланган.

Кускаков кесиптеши менен бир катар спектаклдерде чогуу иштегенин да эске салды.

"Жакомо Пуччини “Чио-Чио-Сан” операсында Кайыргүл эже Мадам Баттерфляйдын ролун аткарса, мен Нагасакидеги америкалык консул Шарплестин ролун ойногом. Чайковскийдин “Иоланта” операсында мен Роберттин партиясын ырдагам. Насыр Давлетовдун “Курманбек” операсында мен Курманбектин ролун аткарсам, эже Айганыштын образын жараткан.
Эже менен канча жолу чогуу сахнага чыктык, канчалаган концерттерди бердик. Аймактарды кыдырып, жогорку окуу жайларда өнөр көрсөттүк. Ошол күндөрдү эстегенде, Кайыргүл эже менен замандаш жана кесиптеш болуп калганыма сыймыктанам”, — деди ал.

Кускаков Кайыргүл Сартбаеванын турмушта да көп кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн эскерди. Анын жолдошу режиссер Кубанычбек Арзиев жаш кезинде дүйнөдөн кайткан соң, Кайыргүл Сартбаева балдарын өзү тарбиялап өстүргөн.

“Кайыргүл эже турмушта да көп кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Жолдошу Кубанычбек Арзиев биздин театрда башкы режиссер болуп иштеген. Ал жаш кезинде эле дүйнөдөн кайтты. Эже ошол жоготууну башынан өткөрсө да, балдарын тарбиялап, чыгармачылык жолун улантты.
Уулу Искендер Сартбаев да театрда иштеп, кыргыз маданиятына салым кошуп келет. Бул дагы Кайыргүл эженин үй-бүлөсүнө берген тарбиясынын, өзүнүн өмүр жолунун уландысы деп ойлойм”, — деди Кускаков.

Ал Кайыргүл Сартбаеваны тамашакөй, ачык-айрым, адамдар менен бат тил табышкан жана жакындарына камкор мамиле жасаган инсан катары сыпаттады.

“Ал тамашакөй, адамдар менен бат тил табышкан, жылуу мамилелүү адам эле. Адамдын артында жасаган эмгеги, элге калтырган өнөрү калат экен. Кайыргүл эженин да үнү, чыгармачылык мурасы жана жаркын элеси кыргыз элинин эсинде жашай берет”, — деп сөзүн жыйынтыктады Камчыбек Кускаков.

Кайыргүл Сартбаева сахнада жараткан образдары, үн жазуулары, тарбиялаган шакирттери жана кыргыз операсына кошкон салымы менен элинин эсинде калат. Анын өмүр жолу таланттын, талыкпаган эмгектин жана мекенге кызмат кылуунун үлгүсү болуп, чыгармачылык мурасы кийинки муундарга кызмат кыла бермекчи.