Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов Талас облусуна болгон иш сапарында бир катар маданият мекемелеринин ишмердүүлүгүн көрүп чыкты.
Ведомствонун маалыматына караганда, министрдин орун басары Айтматов районундагы "Семетей" кинотеатрына, Сооронбек атындагы балдар музыкалык мектебине, Ашым Жакыпбеков атындагы райондук жана балдар китепканаларына, ошондой эле "Айтматов ааламы" мемориалдык тарыхый-маданий комплексине барды.
Ал мекемелердин абалы, материалдык-техникалык базасы, кызматкерлердин эмгек шарттары жана калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтар менен таанышты.
Ошондой эле жетекчилер менен жолугуп, маданий кызматтардын сапатын жогорулатуу жана мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселелерин талкуулады.