Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Коргоо министри Руслан Мукамбетов 1-2-ноябрь күндөрү Талас облусундагы аскердик мекемелердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди.
Ведомствонун маалыматына караганда, ошондой эле министр аскер комиссариаттарын кыдырып, алардын ишмердүүлүгү жана материалдык-техникалык базасы менен таанышты.
Мукамбетов жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатына, белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына жана талаптарга шайкештигине көңүл бурду.