Бишкекте курулуш компанияларынын бири кара тизмеге киргизилиши мүмкүн

Коом
54227288826468_K5C08WE.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
54227288826468.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
54227288826468_3ddUca7.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
54227288826468_3nAsYkh.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
54227288826468_inVAzVQ.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
54227288826468_KCNV9BC.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
54227288826468_QEO4eEW.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Бишкекте 2018-жылдан бери курулушу бүтпөй жаткан Жибек жолу көчөсүндөгү 295 жана 297-үйлөрдүн үлүш ээлери батирлерди өз күчү менен бүтүрүүнү көздөп жатышат.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, министр Нурдан Орунтаев аталган үйлөрдүн 100гө жакын үлүш ээси менен жолугуп, алар зарыл документтерди тариздөөгө көмөк көрсөтүүнү суранышкан.

Анда министр тиешелүү бөлүмдөргө документтерди тездетип бүтүрүүнү, жарандарга укуктук жана уюштуруучулук жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле "Эксперт Строй" ЖЧКсынын лицензиясын жокко чыгаруу жана компанияны кара тизмеге киргизүү маселеси каралат.

Министр бардык чечимдер мыйзам чегинде кабыл алынып, биринчи кезекте үлүш ээлеринин укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары корголушу керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, көйгөйлүү турак жайлардын курулушун аяктоо иштери президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүүдө.