Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Каракол шаарындагы Кашка-Суу кичи районунда 12 гектар аянтты ээлеген заманбап спорт шаарчасынын курулушу уланууда.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланууда.
Анда 275 орундуу спорт интернаты, 5 миң көрүүчүгө ылайыкталган көп функционалдуу спорт комплекси, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана курулат.
Курулуш иштери июнь айында башталган. Учурда мейманкананын 4–5-кабаттары тургузулуп, окуу-машыгуу мектебинин жана жатакананын имараттарында арматура орнотуу иштери жүрүүдө. Курулушка 120 жумушчу тартылган.