"Ала-Тоо Резорт" тоо кластеринин биринчи этабы жакында ишке кирет

Туризм
"Ала-Тоо Резорт" тоо кластеринин биринчи этабы жакында ишке кирет
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 29.10.26 /Кабар/. Жакынкы күндөрү "Ала-Тоо Резорт" тоо кластеринин биринчи этабы ишке киргизилет. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында лыжа тебүүгө шарттар жана эс алуу үчүн заманбап инфраструктура түзүлүүдө.

"Бул кышкы туризмди өнүктүрүүгө, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана жергиликтүү тургундар менен чет өлкөлүк туристтер үчүн жаңы эс алуу багыттарын сунуштоого өбөлгө түзөт", — деп белгилешти агенттиктен.