Кыргызстанда курулуш сектору 10 айда 61,5 пайызга өстү

Экономика
Кыргызстанда курулуш сектору 10 айда 61,5 пайызга өстү

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында курулуш сектору 61,5 пайызга өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал эми 2025-жылы наркы 23,8 миллиард сомду түзгөн 291 социалдык объект курулуп, капиталык оңдоодон өткөн.

“Белгилей кетсек, 2026-жылы 262 социалдык объекти куруу жана капиталык оңдоо аяктады. Жалпы наркы 16,9 миллиард сомдон ашты. Анын ичинде 104 мектеп, алардын арасында үч облуска президенттик үч “Акылман” мектеби салынды. 39 бала бакча, 32 саламаттыкты сактоо, 62 маданият жана спорт объекти курулду”,- деди минкаб төрагасы.

Ошондой эле мамлекеттик маанидеги ири курулуштар тууралуу да маалымат берилди.

“Бишкекте “Ырыс Ордо” конгресс борбору пайдаланууга берилди. 51 миң орундуу “Бишкек Арена” стадиону ачылды. Анда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачылышы өттү. Булар өлкөбүздүн эл аралык иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жаңы деңгээлге көтөрдү”,- дейт Касымалиев.

Андан тышкары, 2026-жылы 91 калктуу конуштун башкы пландары бекитилгени, жыл аягына чейин дагы 58 башкы план даяр болоору кошумчаланды.