Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Токмок шаарында темир жол куруу долбоорунун алкагында инженердик-изилдөө иштери жүргүзүлдү.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, адистер курулуш жүргүзүлө турган аймактын топурагын изилдөө үчүн 27 скважина казышты.
Инженердик изилдөөлөр департаментинин адистери скважиналарды 6 метрден 12 метрге чейинки тереңдикте казып, лабораториялык сыноолорго топурактын үлгүлөрүн алышты.
"Изилдөөнүн жыйынтыктары топурактын өзгөчөлүктөрүн аныктоого, долбоордук чечимдерди иштеп чыгууда жана темир жолду курууда аларды эске алууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.