Социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү жогорулайт. Президент жарлыкка кол койду

Президент
Социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү жогорулайт. Президент жарлыкка кол койду
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 2027-жылдын 1-январынан тартып айрым социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүн жогорулатуу каралган" КР жарандарынын айрым категорияларын социалдык коргоо деңгээлин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Тактап айтканда, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга берилүүчү мамлекеттик социалдык жөлөк пулдун өлчөмү 8 000 сомдон 11 000 сомго чейин (37,5 пайызга), улгайган жарандарга берилүүчү жөлөк пулдардын өлчөмү 50 пайызга көбөйөт. Ошондой эле майыптыгы боюнча пенсиялардын өлчөмү жогорулайт.

Ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарга берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмү 6 000 сомдон 8 000 сомго чейин (33,3 пайызга), ал эми багуучусунан ажыраган балдарга берилүүчү жөлөк пул 3 000 сомдон 5 000 сомго чейин (66,7 пайызга) көбөйөт. Багуучусунан ажыраган балдарга берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмү жогорулагандыгына байланыштуу алардын пенсияларынын өлчөмүн да көбөйтүү каралган.

Мындан тышкары, улгайган жарандарга берилүүчү жөлөк пулдардын өлчөмү 50 пайызга, баатыр энелерге берилүүчү жөлөк пул 3 000 сомдон 5 000 сомго чейин көбөйөт. Ошондой эле баатыр энелердин пенсияларына кошумча төлөмдөрдүн өлчөмү 4 эсеге, тактап айтканда, 1 000 сомдон 5 000 сомго чейин жогорулайт.

Ошондой эле жарандардын айрым категорияларына, анын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, Афганистандагы согуштук аракеттердин ардагерлерине, Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандарга, концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундарына, Ленинград блокадасынын катышуучуларына жана мындай төлөмдөрдү алуучу башка жарандарга берилүүчү ай сайынкы акчалай компенсациялардын өлчөмү көбөйөт.

Белгилей кетсек, жарандардын айрым категориялары үчүн акчалай компенсациялардын өлчөмү 2025-жылы жогорулатылган, ал эми кээ бир категориялар үчүн 2010-жылдан бери кайра каралган эмес.

Ошону менен бирге Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, ошондой эле Баткен жана Ош облустарында болгон окуялардын кесепетинен жабыркагандарга жана курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө берилүүчү кошумча ай сайынкы социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү орточо эсеп менен 20 пайызга жогорулайт.

Кабыл алынган чаралар калкты социалдык коргоо системасын чыңдоого, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын, ата-энесинен же багуучусунан ажыраган балдардын жана мамлекеттин өзгөчө колдоосуна муктаж болгон жарандардын башка категорияларынын материалдык абалын жакшыртууга багытталган.

Жарлыкта каралган төлөмдөрдү каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.