Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. 2027-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда социалдык жөлөк пулдар, пенсиялардын айрым түрлөрү, кошумча төлөмдөр жана акчалай кенемтелер көбөйөт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөлөк пулдардын көбөйүшү кимдерге тиешелүү болорун жана жарандар канча өлчөмдө төлөм ала турганын кеңири түшүндүрдү. Ага ылайык, эң олуттуу өзгөрүүлөрдүн бири майыптыгы бар балдарга тиешелүү.
Балдарга берилүүчү жөлөк пулдар:
- ДЦП менен ооруган жана 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдарга: 8 миң сомдон 11 миң сомго чейин көбөйөт.
- ВИЧ же СПИД менен жашаган балдарга (жана алардан төрөлгөндөргө): 8 миң сомдон 11 миң сомго чейин жогорулайт.
- Ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарга: 6 миң сомдун ордуна 8 миң сом төлөнөт.
- Багуучусунан айрылгандыгы үчүн: 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин көбөйөт.
Майыптыгы бар адамдарга берилүүчү төлөмдөр:
- Бала кезинен бери майыптыгы бар адамдар үчүн: I топ: 8 миң сомдун ордуна 11 миң сом; II топ: 6,6 миң сомдун ордуна 9,6 миң сом; III топ: 5,4 миң сомдун ордуна 8,4 миң сом.
- Жалпы оорунун кесепетинен майыптыгы бар адамдар үчүн: I топ: 5,5 миң сомдон 8,5 миң сомго чейин; II топ: 3 миң сомдон 6 миң сомго чейин; III топ: 2 миң сомдон 5 миң сомго чейин көбөйөт.
Энелерге жана улгайган жарандарга:
- “Баатыр эне” орденин алгандардын пенсиясына үстөк акы: беш эсеге — 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин жогорулайт (Социалдык фонддун эсептөөлөрүнө ылайык, бул төлөмдү 30,6 миңден ашык аял алат).
- 55 жашка толгон, бирок пенсия алууга укугу жок “Баатыр энелерге”: социалдык жөлөк пул 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин көбөйөт.
- Бийик тоолуу аймактарда жашаган, пенсияга укугу жок карыларга: 2 миң сомдун ордуна 3 миң сом төлөнөт.
Ардагерлерге жана компенсация алгандарга:
Жөлөк пулдардын жана компенсациялардын көбөйүшү Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткундарына, Советтик армияда кызмат өтөп жатып майыптыгы бар болуп калган адамдарга, интернационалист-жоокерлерге, Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкандарга, реабилитацияланган жарандарга, ардактуу донорлорго жана башка жеңилдиктерге укуктуу категорияларга да тиешелүү болот:
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына компенсация: 10 миң сомдон 11 миң сомго чейин;
- Интернационалист-жоокерлерге төлөм: 8 миң сомдон 9 миң сомго чейин;
- Ардактуу донорлорго төлөм (эки эсеге): 1 миң сомдон 2 миң сомго чейин;
- Угуу жана көрүү жөндөмүнөн майыптыгы бар адамдарга ай сайынкы компенсация: 2 миң сомго чейин көбөйөт;
- Чернобыль АЭСиндеги аварияны жоюучуларга: пенсиясына кошумча ай сайын 1 миң сом өлчөмүндө компенсация каралган;
- Баткен, Ош, Аксы (2002-жыл) жана Апрель–Июнь (2010-жыл) окуяларынын жабыркагандарына жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө: төлөнүүчү каражаттар да көбөйтүлөт.
Аскер кызматкерлери жана пенсионерлер:
Мөөнөттүү аскердик кызматтын катардагы жоокерлери жана матросторунун арасындагы майыптыгы бар аскер кызматкерлерине белгиленген минималдуу пенсия 12,3 миң сомду түзөт.
- I топтогу майыптыгы бар жарандардын пенсиясы: пенсиянын базалык бөлүгүн көбөйтүүнүн эсебинен 9,5 миң сомго жеткирилет.
- III топтогу майыптыгы бар жарандардын пенсиясы: 5 миң сомго жеткирилет.
Жогорулатылган бардык төлөмдөр республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.