Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Социалдык фонд Кыргызстанда жарандар топтомо пенсиялык каражаттарын кайсы учурларда ала алышары тууралуу маалымат берди.
Мекеменин маалыматына караганда, каражаттар төмөнкү учурларда берилет:
- пенсия курагына жеткендерге;
- чет өлкөгө туруктуу жашоого кеткендерге;
- каза болгон жарандардын мураскорлоруна;
- аскер кызматкерлерине;
- ипотекалык насыя алгандарга;
- үлүштүк курулушка катышкандарга;
- оор илдеттерден дарыланууга муктаж адамдарга;
- расмий жумушсуз деп таанылгандарга.
2026-жылдын 1-октябрына карата топтомо пенсиялык каражаттарды 248 миң 125 адам алган. Жалпы төлөмдүн көлөмү 7 млрд 386,8 млн сомду түзгөн. Эң көп төлөм пенсия курагына жеткен жарандарга берилген. Бул багытта 214 миң 500 адамга 3 млрд 630 млн сом которулган. Ал эми ипотекалык насыя алгандарга 2 млрд 395,4 млн сом төлөнгөн.