Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров турак жайга муктаж жарандарды жеке үй куруу үчүн жер тилкесин сурагандын ордуна Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу батир алууга кезекке турууга чакырды. Бул тууралуу өлкө башчысы Кара-Балта шаарынын, Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Жолугушууда Кайырма айылынын тургуну 37 жаштагы уулу 17 жылдан бери жер тилкесин ала албай жатканын айтып, бул маселени чечүүгө жардам сурады.
Мамлекет башчысы үй куруу үчүн жер тилкелерин берүү өлкөнүн жер ресурстарынын азайышына алып келерин белгиледи. Президенттин айтымында, Кыргызстандын аймагынын 94 пайызга жакынын тоолор ээлейт. Ал эми шаарлар, район борборлору жана айылдар жайгашкан түздүктөр өлкө аймагынын 6 пайызын гана түзөт.
Президент айыл чарба жерлерин жана жайыттарды келечек муундар үчүн сактоо зарылдыгын белгилеп, турак жайга муктаж жарандарды Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу батир алууга кезекке турууга чакырды.
"Кара-Балта шаарында 4 миң 950 батир курулууда. Учурда кезекте 1 миңдей жаран турат. Курулуш аяктагандан кийин 3 миңден ашык батир резервде калат", - деди Садыр Жапаров.